Азербайжандын президенттик администрация Чеченстандын жардам сунушун четке какты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Чеченстандын бийлиги бир күн мурда "Рамзан Кадыровдун көрсөтмөсү боюнча алар Бакудан Грозныйга учуп бараткан "Azal" учагынын кыйрашынан каза болгондордун жана жабыркагандардын бардык үй-бүлөлөрүнө акчалай жана башка жардам көрсөтүүгө даяр" деп билдирген.
"Эч кандай жардамга муктаж эмес. Мындай жардамды мамлекет да, жарандар да кабыл албайт. Биз жарандарыбызга керектүү жардамдарды берип жатабыз жана көрсөтө беребиз. Азербайжан фактыны таанууну, кечирим суроону жана тиешелүү компенсация төлөп берүүнү талап кылат”, - деп билдирди Азербайжандын бийлиги.