Дин комиссиясында жыйынтыктоочу кеңешме болуп өттү

Бүгүн, 27-декабрда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жыл жыйынтыктоочу кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалымдалгандай, анда ДИМКнын 2024-жылдагы иш-аракеттеринин жыйынтыктары жана 2025-жылга карата ведомствонун планы талкууланды. Жыйында ДИМКнын директору Азамат Юсупов быйыл диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жемиштүү болгондугун баса белгиледи.

Ошондой эле 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын аткаруу, ДИМК менен башка өлкөлөр ортусунда кол коюлган меморандумдун алкагында диний чөйрөдөгү өз ара аракеттенүү, радикализм жана экстремизмдин алдын алуу маселелери, диний билим берүү тармагындагы жаңы долбоорлор талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан