Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер канцлер Олаф Шольцтун өтүнүчү менен парламентти таркатты. Бундестагга мөөнөтүнөн мурда шайлоо 23-февралда өтөт. Бул тууралуу Tagesspiel агенттиги билдирди.
"Ишеним көрсөтпөө добушун эске алуу менен өкмөт көпчүлүккө ээ болбой калды. Ошондуктан мен жаңы шайлоолор өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн туура жол болоруна ишенем", - деди Германиянын президенти.
Штайнмайер кошумчалагандай, оор мезгилде стабилдүүлүктү камсыз кылуу үчүн жөндөмдүү өкмөт жана парламентте ишенимдүүлүк көбүрөөк болуш керек. Ал өз билдирүүсүндө Германиядагы экономикалык жана миграциялык кризистерди, Жакынкы Чыгыш менен Украинадагы кагылышууларды, климаттын өзгөрүшүн эске салды.
Президент ошондой эле шайлоо өнөктүгү учурунда коркутуп-үркүтүүгө жана зордук-зомбулукка жол берилбей турганын билдирди.
Белгилей кетсек, ноябрда Германияда башкаруучу коалиция ыдырап, андан кийин Бундестаг өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. 20-декабрда Штайнмайер парламентти таратуу чечимин кабыл алууга макул болгон.