Багдад шаарындагы сойкуканада баскынчылар 7 аялды жана 5 эркекти атып салышты. Бул тууралуу
бүгүн, 8-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Чабуул аталган шаардагы
Заюна районунда катталган. Бул окуя боюнча азыр эч ким жоопкерчиликке тартыла элек.
Дал
ушундай окуя 2013-жылдын май айында катталып, анда 12 адам каза тапкан.
2011-жылы америкалык аскерлер Ирактан чыгарылгандан кийин өлкөдө зомбулук,
куралдуу чабуулдардын саны көбөйө баштаган. 2013-жылдын башынан бери
теракттардан 8 миңден ашуун адам набыт болгон.