Бишкекте элди дүрбөлөңгө салган блогер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Ленин райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 31 жаштагы блогер катталуучуларын көбөйтүү үчүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу “Ак-Ордо” конушуна 100 миң сом каттым, таап алгыла” деп билдирген. Натыйжада түн жарымында ал жакка акча издеп бир топ адам чогулган. Топтошкондордон корккон тургундар милицияга чалышкан.
Бул факты боюнча милиция кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында 1993-жылы туулган Ж.Ж. аттуу жаран аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Блогер элди чоочуткан акцияларды уюштурбоого сөз берген.
"Урматтуу жарандар, ушундай сыяктуу күмөндүү оюндарга алданбаңыздар. Мындай иш-аракеттер массалык башаламандыкка жана коомдук тартиптин бузулушуна алып келиши мүмкүн. Эгер ушул сыяктуу аракеттерди байкасаңыздар, милицияга кабарлаңыздар. Сиздин коопсуздугуңуз шектүү оюн-зооктордон маанилүү", - деп айтылат билдирүүдө.