Бүгүн, 28-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы жылдын алдында Бишкек шаарындагы угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдар үчүн атайын жалпы билим берүү жатак-мектебине барды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чарага билим берүү министринин орун басары Бекжан Супаналиев, жатак-мектебинин эмгек жамааты жана окуучулары катышты. Ташиев аталган мекеменин жалпы окутуучулар курамын жана окуучуларды келе жаткан майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук каалады. Ошондой эле аталган мектеп-интернатынын спорт залы менен актылык залы копиталдык ремонттон өткөрүлө тургандыгын белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө жатак-мектептин окуучулары майрамдык концерттик программасын тартуулашты. Андан соң УКМКнын жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан окуучуларга жаңы жылдык белектер жана акчалай сыйлык тапшырылды.