УКМК коргоо министринин жардамчысы менен эки аскер комиссарын кармады (видео)

Коргоо министринин жардамчысы, ошондой эле Бишкек шаарынын Ленин жана Аламүдүн райондук аскер комиссариаттарынын аскер комиссарлары коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-декабрда УКМК менен Аскер прокуратурасы биргеликте Коргоо министрлигинин аймактык бөлүмүнүн аскер кызматкерлеринин бирин Бишкек шаарынын райондук комиссариатына которуу үчүн пара алып жаткан жеринен коргоо министринин жардамчысы, полковник О.У.ну кармады.

Ошондой эле 17-декабрда Ленин жана Аламүдүн райондук аскер комиссариатынын аскер комиссарлары, полковник К.Н. жана полковник Ж.Ж. кармалган. Алар акчалай сыйлык үчүн системалуу негизде аскердик каттоого алып жана мыйзамда белгиленген талаптарды бузуп, аскердик билеттерди берип келишкен.

"Жогорудагы аскер кызматкерлери Биринчи май райондук сотунун чечими менен Коргоо министрлигинин Бишкек гарнизонун эки айга аскер комендатурасынын башкармалыгына жайгаштырылды. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан