Кыргыз-тажик чек арасынын калган тилкелеринин долбоордук сыпаттамасы аяктады

Кыргыз-тажик чек арасынын калган тилкелеринин долбоордук сыпаттамасы аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода телефон аркылуу сүйлөштү. Алар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

"Эки өлкөнүн өкмөт башчылары эки элдин ортосундагы байланышты чыңдоого жардам бере турган бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө каалоолорун билдиришти. Чек арадагы иштер аяктагандан кийин тараптар кызматташтыкты тереңдетүүгө жана эки өлкөнүн калкы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө басым жасоону көздөшүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан