Садыр Жапаров менен Айгүл Жапарова президенттик балатыга катышты (сүрөт)

Өлкө башчы Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова бүгүн, 28-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда салтка айланган балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамына катышты.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, иш-чарага республиканын бардык аймактарынан 1100 бала чакырылды, алардын арасында окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кызмат учурунда каза болгон укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлеринин балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун майыптыгы бар балдар жана башкалар бар.

Балдар үчүн бий ийримдеринин тарбиялануучулары тарабынан даярдалган “Алтын казык” аттуу театрлаштырылган жаңы жылдык музыкалык спектакль тартууланды. Жаш көрүүчүлөргө “Мекениме болгон сүйүү” аттуу сахналаштырылган оюн көрсөтүлдү. Ошондой эле Жаңы жылдык майрамдын меймандары үчүн Кыргызстанды дүйнөлүк деңгээлде даңазалаган “D Billions” музыкалык тобу чыгармаларын аткарды.

Андан кийин Садыр Жапаров салтанаттын катышуучуларын куттуктап, келе жаткан жаңы жылда ийгиликтерди, көксөгөн тилектердин орундалышын, өздөрүнө болгон ишенимди, жаңы идеяларды жана чоң жеңиштерди каалады. Аягында балдарга мамлекет башчысынын атынан белектер тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан