Кечээ, 27-декабрда Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде репрессия курмандыктарын, анын ичинде Касым Тыныстановду эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Анын алкагында, Тыныстановдун “Касым ырлар жыйнагы” китебинин түркчө котормосунун бет ачары болду.
Саамалык ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун колдоосунда ишке ашырылды. Конференцияга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев, түрк, кыргыз окумуштуулары катышып, сөз сүйлөштү.
Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев Касым Тыныстан уулунун кыргыз маданияты жана цивилизациясы үчүн жасаган иштеринин бүтүндөй бир элдин тагдырына таасири чоң болгонун белгиледи.
"Ал бүгүнкү күндө биз сүйлөп жаткан кыргыз тилинин пайдубалын түптөгөн, тилибиздин алгачкы үлгүлөрүн бардык тармактарда берген. Поэзияны, аңгемелерди жана театрдын чыгармаларын жаратып, грамматика, математика жана география боюнча көптөгөн окуу китептерин жазган. “Манас” эпосунун үстүндө кыргыздын улуттук өзгөчөлүгүн, маданиятын сактап калуу үчүн кам көргөн. Ал үчүн калеми менен күрөшкөн", - деди Раев.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Касым Тыныстан уулу көрсөткөн баалуулуктарга токтолуп, кыргыз тили совет доорунда сүйлөнбөгөн тилге айланганын айтты.
"Эгемендүүлүк алгандан кийин кыргыз тилин жазуу жана илим тилине айландыруу аракеттери көрүлдү. Бирок мыйзамдар эне тилибизди сүйүүгө шарт түзө албайт. Эне тилибизди сүйлөө менен, жазганда гана жүрөгүбүз менен сүйө алабыз", - деди Касмамбетов.
“Касым ырлары жыйнагы” китебин түрк тилине которгон Сабырбек Бөрүбаев өз сөзүндө адилетсиз айыпталып, өмүрүнөн ажыраган Касым Тыныстан уулу бүгүн Кыргызстандын ар бир булуң-бурчунда жашоосун улантып жатканын, ал даярдаган китеп бул ишке аз да болсо салым болсо, ал үчүн абдан кубанаарын белгиледи.
1937-38-жылдары күч алган репрессияда Кыргызстандан 20 миңден 40 миңге чейин адам өлүм жазасына тартылганы ар кандай булактарда айтылат. “Эл душманы” жарлыгы тагылып, 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев баштаган интеллигенциянын 137 өкүлү болгон.