Кызыл-Кыя шаарындагы окуу жайда кокустук катталып, адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Баткен облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя тоо-техникалык инновациялык жана экономикалык коллежинин студенттери 26-декабрда саат 10:30 чамасында аталган комплекстин лабораториялык бөлмөсүндө жыйналып жаткан курулуш тактайларды сыртка алып чыгып жатканда 2006-жылы туулган Э.Н. аттуу студент чалынып жыгылып, көтөрүп бараткан курулуш материалы башына тийип жаракат алып, Кызыл-Кыя шаардык оорунаканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Тилекке каршы, арадан эки күн өткөндөн кийин 28-декабрда алган жаракатынан улам каза тапты.
"Бул факт 26-декабрь күнү Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына кокустук фактысы менен катталып, текшерүү иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Катталган материалдын алкагында коллеждин жооптуу кызматкерлеринин аракетине юридикалык баа берилет. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп айтылат билдирүүдө.