Алиев Актауда кыйраган учактын учкучтарынын иш-аракеттерин жогору баалады

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Актауда кыйраган учактын учкучтарынын иш-аракеттерин, алардын кесипкөйлүгүн жана берилгендигин жогору бааларын билдирди. Бул тууралуу улуттук телеканалга берген маегинде айтты.

Ал учкучтардын башкаруудан чыккан учакты башкаруудагы кесипкөйлүгүн жана баатырдыгын белгилеген.

"Албетте, учкучтар тажрыйбалуу жана бул авариялык конууда аман калбасын билишкен. Бирок жүргүнчүлөрдү сактап калуу үчүн алар чоң эрдик көрсөтүшкөн, ошонун натыйжасында учак кырсыгынан аман калгандар бар. Мына ушундан улам фюзеляждын бир бөлүгү күйгөн жок, ошонун аркасында бүгүн биз учакты Орусия атып түшүрдү деп ачык айта алабыз. Бул факт жана аны эч ким тана албайт. Дагы бир жолу айта кетейин, бул атайылап жасалган деп айтуудан алыспыз, бирок жасалган.

Учкучтар жана экипаж мүчөлөрү кесипкөйлүгүн да, токтоолугун да көрсөтүштү. Айрыкча экипаждын аял мүчөлөрүн айткым келет. Алар өздөрү стресске кабылышкан. Бирок учактын ичиндеги баш аламандыктын алдын алуу жана жүргүнчүлөрдү тынчтандыруу үчүн алар канчалык гумандуулук көрсөтүшкөнүн караңыз. Алардын ишмердүүлүгү Азербайжан мамлекети тарабынан бааланат. Каза болгон экипаж мүчөлөрүн жана бардык каза болгондордун жанын Аллахым Жаннатта кылсын, аман калгандарга Аллахым шыпаасын берсин. Тирүү калгандардын көбү Бакуга жеткирилди. Алар дароо Казакстанда дарыланышкан, ал эми айрымдары дагы эле ал жакта дарыланууда, мүмкүнчүлүк түзүлсө Азербайжанга эвакуацияланат", - деди Алиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан