30-декабрга карата аба ырайы

30-декабрда өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.

Ага ылайык, жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9;

Нарын дубанында түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы -1…+1, күндүз +5…+7 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан