Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Актауда кыйраган учактын жүргүнчүлөрүн куткарууга катышкан жарандарды сыйлаганын бүгүн, 29-декабрда казак лидеринин маалымат кызматы билдирди.
"Президент Касым-Жомарт Токаев Мангистау облусунда кыйраган азербайжандык авиакомпаниянын AZAL учагынын жүргүнчүлөрүн куткарууда эрдик, кесипкөйлүк жана жарандык жоопкерчиликти көрсөткөн казакстандык жарандардын жоон тобун сыйлады", - деп айтылат маалыматта.
Сыйлангандардын арасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, дарыгерлер, милиция кызматкерлери, Мангистау райондук электр тармактар ишканасынын жана Актау эл аралык аэропортунун кызматкерлери бар.