Азербайжан 1-январдан тарта орусиялыктар үчүн өлкөдө визасыз жүрүүнүн мөөнөтүн кыскартат. Бул тууралуу аталган мамлекеттин Министрлер кабинети кабарлады.
Маалым болгондой, жарлыкка премьер-министр Али Асадов кол койгон. Жаңы эрежелер 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет
"Азербайжанга визасыз келген Орусиянын жарандарынын убактылуу болуу мөөнөтү бир календардык жылда 90 күндөн ашпашы керек", - деп айтылат документте.
Буга чейин орусиялыктар Азербайжанда визасыз алты ай ичинде 90 күндөн ашык эмес жүрө алышчу.