Бириккен Араб Эмираттарында жеңил учак кулап, эки адам каза болду

Бириккен Араб Эмираттарынын жээгинде жеңил учактын кулашынан эки адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Аль-Жазира авиациялык спорт клубуна таандык жеңил учак Рас-эль-Хайма эмиратынын жээгине кулап, учкуч жана анын шериги набыт болду", - деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.

Маалымдалгандай, компетенттүү органдар окуянын себептерин иликтеп жатышат. Жарандык авиация башкармалыгы курман болгондордун жакындарына көңүл айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан