Азербайжандын президенти Илхам Алиев улуттук телеканалга берген маегинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге телефон чалып, ыраазычылык билдиргенин айтты.
Ал казак элинин көрсөткөн тилектештиги азербайжан элинин жүрөгүндө абдан чоң из калтырганын белгилеген.
"Кырсык болоору менен казакстандык куткаруучулар окуя болгон жерге дароо жетип, талкаланган фюзеляждын ичинен адамдарды чыгара баштаганын билип, маалымат алганбыз. Алар дагы бир жардыруу болобу же жокпу билбей, өз өмүрлөрүн тобокелге салышкан. Анткени учактын калган бир бөлүгү да күйүп кетиши мүмкүн эле. Бирок ага карабастан алар чыныгы эрдикти көрсөтүштү. Ошол эле учурда медицина кызматкерлеринин эмгеги да абдан баалуу болду, анткени жабыркаган жүргүнчүлөр дароо медициналык борборлорго жеткирилди жана бул үчүн президент Токаевге ыраазычылык билдирдим. Казак боордошторубуз көрсөткөн тилектештик азербайжан элинин жүрөгүндө абдан чоң из калтырганын билем.
Актау шаарындагы консулдугубузга келген карапайым жарандар гүл коюп, өз мамилесин билдирип, бизге тилектештигин билдиришти. Чыныгы достук, бир туугандык ушундай болуш керек. Ошол эле учурда президент Токаев менен сүйлөшүүдө мен Азербайжандын тергөөгө байланыштуу позициясын да айттым жана анын назарына мен сизге айтып өткөн маселелерди – биз эл аралык экспертизаны жактай турганыбызды айттым жана бул позиция түшүнүү менен кабыл алынды.
Албетте, биздин мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, комиссиянын мүчөлөрү жана жетекчилери, прокуратуранын өкүлдөрү дайыма байланышта. Казакстан да өз кезегинде Мамлекеттик комиссия түзүптүр, бул тууралуу мага сүйлөшүү учурунда президент Токаев билдирди. Албетте, алар да маселенин бардык майда-чүйдөсүнө чейин ачыкка чыгышын каалашат жана аракет кылышат. Ошол эле учурда мен президент Токаевге көңүл айттым, анткени кырсыктын кесепетинен Казакстандын алты жараны каза болгон. Ал дагы мага көңүл айтты. Айтор, бул окуя канчалык оор болсо да, ошол эле учурда сыноо болду. Башкача айтканда, бул сынактан ким жана кантип өтөт? Мен кубанычтамын, бул трагедияга карабастан, мен Казакстан да ушундай пикирде экенин көрүп жатам жана ишенем. Биздин достугубуз жана бир туугандыгыбыз ушул оор кырдаалдан кийин ого бетер чыңдалды", - деген Алиев.