Азербайжандын президенти Илхам Алиев Актауда кырсыкка учураган экипаждын мүчөлөрүнө Азербайжандын Улуттук баатыры наамын каза болгондон кийин ыйгарды. Жергиликтүү ЖМКлар ал "Жогорку кесипкөйлүк жана эрдик көрсөткөн адамдарды сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койгонун жазды.
Документке ылайык, Улуттук баатыр наамы маркум капитан Игорь Кшнякин, экинчи учкуч Александр Кальянинов жана стюардесса Хокюма Алиевага ыйгарылган.
Мындан тышкары кырсыктан аман калган стюардессалар Зулфугар Асадов менен Айдан Рахимли биринчи даражадагы Рашадат (Эрдик) ордени менен сыйланышты.