АКШнын 39-президенти, "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Жимми Картер каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, мурунку президент октябрь айында 100 жашка толгон. Буга чейин чет элдик басылмалар анын катуу ооруп жатканын жазышкан. Саясатчы акыркы жылдары залалдуу шишик оорусу менен күрөшүп келген. 2023-жылдын февраль айында Картер дарылануудан баш тартып, калган өмүрүн үй-бүлөсү менен үйдө өткөрүүнү чечкен.
Жимми Картердин өзүнүн аты Жеймс Эрл Картер болгон, ал тарыхта атын өзгөрткөн биринчи президент болуп калды. Ал Американы 1977-1981-жылдары башкарган. Кызматтан кеткенден кийин Картер кайрымдуулук иштерине жана гуманитардык долбоорлорго катышып, 2002-жылы "эл аралык конфликттерди тынчтык жолу менен чечүү, демократияны жана адам укуктарын өнүктүрүү, экономикалык жана социалдык өнүгүүнү стимулдаштыруу" боюнча эмгектери үчүн "Нобель" сыйлыгына татыган.