Бишкек-Кант жолунда эки унаа сүзүшүп, 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу ЖКККББ бүгүн, 30-декабрда билдирди.
Кабарга ылайык, анда Volkswagen Golf 3 менен Тойота Марк Х үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
Алдын ала маалымат боюнча, жол кырсыгынан жалпы 5 жаран жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
"Алдын ала аныктоо боюнча Тойота Марк Х унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү чет өлкөлүк жарандар. Ал эми Volkswagen Golf 3түн 21 жаштагы айдоочусу айдоо укугунан ажырап, айдоочулук күбөлүгү жок жаран болгон", - деп билдирди башкармалыктан.
Жеринде Чүй облусунун жол тескөөчүлөрү иш алып барууда.