SUPER.KG порталы "GREAT AWARDS OF THE YEAR" сыйлыгында "Жылдын мыкты порталы" номинациясына ээ болду. Аталган сыйлык 4 жылдан бери уюштурулуп, ар тармактагы мыктыларды тандап келет.
Сыйлык тапшыруу аземи 29-декабрда өтүп, атайын концерттик программа менен коштолду.
Белгилей кетсек, SUPER.KG порталы буга чейин “M-Vector” консалтинг компаниясынын сурамжылоосуна ылайык, Кыргызстандагы ЖМКлардын арасында интернет платформаларында эң көп окулган жана көрүлгөн медиалардын арасында 3-орунда. Ал эми кыргыз тилдүү медиалардын арасында 2-сапта жайгашкан.
SUPER.KG маалымат-маанайшат порталы – Кыргызстандагы эң көп нускалуу "Супер-Инфо" гезитинин жеке сайты. Портал 2006-жылдын 28-мартында ишке кирип, кыргыз тилдүү медиадан орун алган.
Сайтта коомдук жаңылыктар онлайн режимде "Соңку кабар" бөлүмү аркылуу элге жеткирилип турат. Портал окурмандарын саясат, коом жана турмуш, спорт, маданият, шоу-бизнес, элдик кабар, кылмыштар, кырсыктар, түркүн дүйнө жана башка рубрикалардагы маалыматтар менен камсыздап келет. Ошондой эле карапайым элдин үнүн тиешелүү кызматтарга жеткирген "Элдик кабар" бөлүмү дагы бар.
2008-жылы SUPER.KG порталынын YouTube каналы ачылып, 2018-жылы портал YouTube'дун күмүш баскычына, ал эми 2022-жылы алтын баскычына ээ болгон.