Бишкектеги жеке менчик мектептердин биринде 4-класстын окуучусу ур-токтомокко кабылганы айтылды. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-класстын окуучусунун апасы Октябрь районундагы жеке менчик мектептердин биринде уулу зордук-зомбулукка кабылганын айтып милицияга кайрылган. Анда аталган окуучунун апасы мектеп кызматкерлери талаптагыдай көзөмөл жүргүзбөгөндүктөн бала жаракат алганын айтып өткөн.
Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалганы маалым болду.