Бишкекте ооруканада 34 жаштагы жаран каза болду. Милиция ага тиешеси бар шектүүлөрдү кармады

Бишкекте ден соолукка оор залал келтирүүгө шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБи билдирип, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 29-декабрда саат 14:48 чамасында милицияга Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнөн өздүгү аныктала элек 30-35 жаштагы жаран каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө каза болгон 34 жаштагы жарандын аты-жөнү аныкталган.

Улуттук бейтапканага жабырлануучу "Тез жардам" кызматы менен жеткирилгени жана денесиндеги оор залакаттан улам каза болуп калганы белгилүү болгон.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү делип 29 жаштагы жана 25 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар-жогу аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан