Министр Кендирбаева мугалимдерге берилчү ноутбуктар боюнча комментарий берди

Билим берүү жана илим министрлиги 2025-жылдын 15-январында мугалимдерге бериле турган ноутбуктардын биринчи партиясын алат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 30-декабрдагы маалымат жыйында билдирди.

"Өлкөнүн ар бир мугалимин жеке ноутбуктар менен кымсыз кылуу иштерибиз жүрүп жатат. Биринчи паритиясын 15-январда алабыз", - деди министр.

Ошондой эле ал ноутбукка табигый так илимдерди окуткан мугалимдер үчүн керектүү программалар жүктөлө турганын белгилеп өттү.

Буга чейин 2025-жылдын февраль айында биринчи этапта 27 миң ноутбук мугалимдерге таркатылары айтылган болчу. Ага ылайык, биринчи этапта STEM предметтеринин (физика, химия, биология, математика, информатика, англис тили) мугалимдери, андан кийин бардык мектеп мугалимдери камсыз болору кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан