Индияда 3 жашар кыз 45 метр тереңдиктеги кудукта 8 күндөн бери ачка жатат

Индияда үч жашар кыз кудукка түшүп кетип, сегиз күндөн бери тамак жебей жатат. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Басылманын айтымында, окуя Индиянын Ражастхан штатындагы Котпутли айылында болгон. Кыз 45 метр тереңдикте, ал абдан алсыз жана кыймылдай албайт. Балага түтүк аркылуу кычкылтек берилип, видеокамера менен көзөмөлдөнүүдө.

"Куткаруучулар кызды куткаруу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонушкан, бирок азырынча алардын бири да натыйжа бере элек. Тоннелди казуу үчүн 100 тонналык кран жиберилген. Бирок аталган айылдагы тынымсыз жааган жамгыр куткаруу иштерин кыйындатууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан