Казакстандын Актау шаарында катталган учак кырсыгында жабыркаган 3 кыргыз жараны бүгүн, 30-декабрда Бишкекке алып келинди.
SUPER.KG порталы мекендештерден кабар алып келди. Аквиакырсыктан аман калган Тилек Осмонов менен Эрлан Жунушалиев учурда абалы жакшы экенин, дарыгерлер бардык керектүү дары-дармектерди берип, карап жатканын айтышты.
"Бул жерде Кудай чоң сактады. Экинчи жашоо берген Аллахка ыраазыбыз”, - деди Жунушалиев.
Ал эми учактагы үчүнчү жүргүнчү 20 жаштагы Ринат Асановдун абалы туруктуу оор деп бааланууда.
Толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.