Бишкек шаарында 2011-2012-жылдары туулган өспүрүм балдар жана кыздар арасында дзюдо боюнча салттуу ачык турнир өттү. Бул туурасында кечээ, 30-декабрда мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, турнир Улуттук дзюдо федерациясынын биринчи президенти, СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Жыргалбек Сурабалдиевдин жаркын элесине арналган. Иш-чаранын максаты дзюдону жайылтуу, балдарды жана жаштарды дене тарбия жана спортко массалык тартуу жана тажрыйба алмашуу болуп саналат.
Мелдешке өлкөнүн 7 облусунан спортчулар келип катышып, баалуу белектер Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан берилди.