Түркия менен Израилдин мамилеси толугу менен токтоду, Анкара аны жакшыртуу үчүн эч кандай кадам таштаган жок. Бул туурасында Түркиянын президенттик администрациясынын Маалымат менен күрөшүү борборунан билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган эки өлкөнүн ортосундагы мамилени калыбына келтирүү үчүн Израилдин администрациясы менен байланышка чыкканы тууралуу маалымат бир катар израилдик басылмаларда пайда болгон.
Белгилей кетсек, буга чейин Түркия Израилдин Газага болгон кол салуусун кескин айыптаган.