Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, бүгүн, 31-декабрда “Ала-Тоо” аянтында майрамдык концерт өтөт.
Билдирүүгө ылайык, иш-чара саат 18:00дө башталат. Концертте кыргыз эстрада жылдыздары, орусиялык белгилүү ырчы Клава Кока жана «Дискотека Авария» тобу майрамдык маанай тартуулашат.
Калаа мэриясы шаар тургундарын жана конокторун майрамдык концертти көрүүгө чакырат.