Өкмөттө Бишкектеги ыш маселеси талкууланды

Министрлер кабинетинде 2024-2025-жылдарга Бишкек шаарында абанын сапатын жакшыртуу боюнча биринчи кезектеги чаралар планынын аткарылышы тууралуу жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында өткөн отурумга тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, банктардын жана ишканалардын жетекчилери катышты.

Анда калкты жогорку сапаттагы көмүр менен камсыз кылуу, Бишкек жылуулук борборунун от казандарын жаратылыш газына өткөрүүнү даярдоо, Бишкектин калктуу конуштарын жана анын айланасындагы аймактарды газдаштыруу, унаалардын катализаторлорун текшерүү иштеринин жүрүшү, коомдук транспортторду экологиялык түргө өткөрүү сыяктуу иштердин аткарылып жаткандыгы тууралуу учкай маалымат айтылды.

Маалым болгондой, мамлекеттик банктар тарабынан “Элдик Банк” ААКсы, “Айыл Банк” ААКсы үйүнө жаратылыш газын киргизүүнү каалаган жарандарга жеңилдетилген шартта насыя берүүнү активдүү улантып жатканын билдирсе, ал эми “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы газдаштыруу системасына кире турган аймактар жакынкы 4 жыл ичинде толук газдаштырыларын кошумчалады.

Төрөбаев жыйынга катышкан тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине абаны тазартууга багытталган иш-аракеттерди мындан ары күчөтүүнү тапшырып, бир катар тапшырмаларды берди:

  • Финансы министрлиги, Энергетика министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы газдаштыруу боюнча өз алдынча план иштеп чыгуу:
  • Саламаттык сактоо министрлиги ыштын таасиринен улам келип чыгуучу оорулардын методологиясын иштеп чыгуу, абанын сапатын текшерген датчиктерди жеткиликтүү деңгээлде коюлушу,
  • Бишкек мэриясы ишкердик субъекттерди текшерүүсүн күчөтүү,
  • Мамлекеттик курулуш агенттиги жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдө өз алдынча газ казандарынын болушун көзөмөлдөө;
  • мамлекеттик банктарга газдаштырууну каалаган жарандар үчүн алардын документтерин кабыл алууда жөнөкөйлөштүрүү;
  • Энергетика министрлигине күн панелдерин орнотууну күчөтүү. Ошондой эле Кыргызстанга сырттан алынып келген унаалардын катализаторлору текшерилгенден кийин гана бажыдан өткөрүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан