Борбордо №64 автобус каттамы жарым-жартылай өзгөрдү

Бишкек шаарында 31-декабрдан тартып №64 автобус каттамынын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөрдү. Бул тууралуу калаа мэриясы маалымдады.

Ага ылайык, буга чейин автобус Иманкулов көчөсү менен Ынтымак конушуна чейин каттап келген. Эми ал Садырбаев жана Орто көчөлөрү менен Ынтымак конушуна чейин каттайт.

Белгилей кетсек, өзгөртүүлөр борбор калаанын жашоочуларынын кайрылууларынын негизинде киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан