Бүгүн Оштогу борбордук аянтта майрамдык иш-чаралар өтөт

Бүгүн, 31-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтында "Жаңы жыл – 2025" аталышында майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 12:00дөн тарта “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун, П.И.Чайковский атындагы искусство мектебинин, №1 С. Бекмуратов атындагы балдар музыкалык мектебинин жана Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайдын таланттары, билим берүү башкармалыгы, Ош мамлекеттик жана педагогикалык университети тарабынан концерттик, оюн-зоок программалары тартууланат.
Ал эми саат 18:00дөн 22:00гө чейин Ош шаардык маданият башкармалыгынын жаңы-жылдык концерттик программасы орун алат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан