Египеттин чыгышындагы Марса-Алам эс алуу жайында акуланын кол салуусунан бир жаран каза болуп, экинчиси жарадар болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, окуя 29-декабрда болгон. Анда ата-бала деңиздин жээгиндеги атайын белгиленген жерде сууга түшүп жатышкан. Жырткыч алгач балага, андан соң атасына кол салган. Бала окуя болгон жерден каза болгон, ал эми атасынан абалы оор экени айтылган.
30-декабрдан тарта аталган жайдын аймагы жабылып, 48 саатка сууга түшүүгө тыюу салынган. Ошону менен катар окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн комиссия түзүлгөнү маалым болду.