Эфиопияда жүк ташуучу унаа дарыяга кулап, кеминде 70 адам көз жумду

Эфиопияда жүк ташуучу унаа дарыяга кулап, анын кесепетинен 71 адам каза болду. Унаадагы жүргүнчүлөр тойго бара жатышканын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, кырсык 29-декабрда Сидама штатындагы Бона Зурия аймагында болгон. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа көпүрөдөн Гелана дарыясына түшүп кеткен.

"Жүк ташуучу унаа уруксат берилген жүктөн ашык жүргүнчүлөрдү ташыган. Каза болгондордун көбү 15 жаштан 30 жашка чейинки жарандар. Кырсыктын кесепетинен күйөө бала да каза болгон. Эки бейтап ооруканада", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан