Бишкек электр тармактары ишканасынын кызматкери пара алууга шектелип кармалды 

"Бишкек электр тармактары" ишканасынын улук инспектору 1 миллион 50 миң сом пара опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Бишкек электр тармактары" ишканасынын техникалык коопсуздук кызматынын 1983-жылы туулган улук инспектору К.С. жаңы көп кабат турак үйлөрдү электр жарыгына кошуу үчүн керектүү документти берүүдө курулуш компаниялардан акча талап кылган.

Ал 25-декабрда 1 миллион 50 миң сом алып жатканда кармалган. Учурда шектүү №1 тергөө абагына камакка алынды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгону маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан