Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусунун Садыр аке айыл аймагында сел кесепеттеринен жабыр тарткандарга жаңы салынган үйлөрдү тапшырды. Бул жөнүндө өкмөттөн бүгүн, 31-декабрда билдиришти.
"Мамлекет ар дайым сиздердин оор күндөрдө таяныч болот жана бизге камсыздандыруунун маанилүүлүгүн дагы бир ирет эске салат. Бул кырсык болгон учурда каржылык жактан эле коргобостон, келечекке болгон ишенимди да камсыздайт", - деди ал.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 18-августунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Садыр аке айыл аймагына караштуу Темир, Кашат, Корумду жана Булан-Сөгөттү айылдарында сел агымдары катталган. Анын кесепетинен турак үйлөрдү, айдоо аянттарды, пансионаттарды жана башка ылай аралашкан суу каптаган.
Буга байланыштуу президенттин фондунан бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн 75 миллион 900 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп, жабыркагандардын документтеринин топтомунун негизинде тийиштүү акча каражаттары төмөнкүчө бөлүнүп берилген:
"Ал эми Ысык-Көл районунун Садыр аке айыл аймагында жараксыз абалга келген 29 турак үйдүн ичинен 5 турак үй курулуп бүттү, 3 жаран башка жерлерден курулган турак үйлөрдү сатып алды, калган 21 турак үй курулууда", - деп жазылат анда.
МинКаб башчысы селди алдын алуу чаралары менен таанышып, "Ат жайлоо" каналынын курулуш иштерин көрүп чыкты.