Чолпон-Ата шаарынын борборундагы Аскер комиссариатынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин кайтаруу боюнча иш-чарларды жүргүзүүдө. Анын алкагында 2001-жылы Чолпон-Ата шаардык бириккен аскер комиссариатынын мурдагы аскер комиссары С.Э. Чолпон-Ата шаарынын башкы архитектура башкармалыгынын мурдагы башчысы А.Б.нын жардамында жубайы С.А. аттуу жарандын наамына Чолпон-Ата шаардык бириккен аскер комиссариатынын жанаша жайгашкан аймагынан 8 сотых жерди мыйзамсыз менчиктештирип, андан ары үчүнчү жактарга сатып жибергени аныкталган.
"Тагыраагы, С.А. аттуу жаран 2007-жылы П.А. аттуу жаранга курулуп бүтө элек объектилери менен аталган жер участогун 80 миң долларга саткан. Ал эми П.А. “Тет-а-тет" кафесин курган. Андан соң П.A. 2022-жылдын 16-сентябрында "Тет-а-тет" кафесин жараны Х.В. аттуу жаранга сатып жиберген. Учурда Х.В. аттуу жаран базар баасы 60 миллион сомдук аталган объектти мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарып берди", - деп айтылат маалыматта.