Жаңы жылдын жаңырарына саналуу гана сааттар калды. Учурда ар бир үйдө жаңы жылдык дасторконго азык-түлүк алып, дасторконго коюлуучу керектүү таттууларды, жашылча-жемиштерди алып, даярдык көрүлүүдө. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы борбор калаада жайгашкан дүкөндөрдүн бириндеги азык-түлүктөрдүн бааларына саресеп салып, канча акча каражат кетерин билип көрдү.
Ар бир үйдө сөзсүз түрдө оливье салаты жасалат. Ага кетүүчү азык-түлүктөрдүн орточо бааларын билип көрдүк:
- картошканын 1 килограммы 40-45 сом;
- сабиздин, пияздын баасы 35-40 сомду түзөт;
- банкадагы жүгөрү менен горохтун баасы 95-100 сом;
- колбасанын бир даанасы 100-200 сомдун тегерегинде;
- жумуртканын 10 даанасы 123 сомдон 210 сомго чейин.
Ошондой эле жаңы жылдык дасторкондун көркү таттуулар менен эмеспи. Ошол себептен биз таттуулардын да орточо баасына көз чаптырдык:
- печеньенин баасы 270 сомдон 400 сомго чейин;
- конфеттердин баасы 200-1000 сомду түзөт;
торттун кичинекейи 500 сомдон болсо, чоңдору миң сомго чейин сатылууда.
Мындан тышкары биз жемиштердин да бааларына саресеп салдык. Алардын орточо баасы төмөнкүдөй:
- мандариндин баасы 70 сомдон 200 сомго чейин сатылууда;
- алманын баасы 70-100 сомдон болууда;
- ананастын бир даанасынын килограммы 155 сомдон;
- банан баасы 180-200 сомдон сатылууда.