Өлкөдө товарларды жүгүртүүдө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонууну жөнөкөйлөтүү максатында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жумушчу топтун жетекчиси Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев болду.
Жумушчу топ бир айлык мөөнөттө товарларды жүгүртүүдө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонууну жөнөкөйлөштүрүү боюнча тиешелүү ишти жүргүзөт жана президенттин администрациясына сунуштарды киргизет.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
- Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич – Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
- Пирназаров Марат Туголбаевич – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдө кызматынын төрагасы;
- Джунушалиев Руслан Алмасбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти;
- Кимсанов Улан Ашимович – Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
- Ысабеков Кубанычбек Абдимуталипович – Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
- Алиев Мирзат Муратканович - Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын салыктык чараларды талдоо жана баалоо секторунун башчысы;
- Иманалиев Эркинбек Эмильевич –Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын талдоо жана тобокелдиктер башкармалыгынын начальниги;
- Саргобонов Улан Эрламбекович – Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын талдоо жана тобокелдиктер башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
- Алманбетов Азат Аясбекович – Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын товарларга байкоо жүргүзүү механизмин киргизүү боюнча контролдоо башкармалыгынын начальниги;
- Исмаил уулу Нурбек – Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБ менен иштөө боюнча башкармалыгынын начальниги;
- Турдумбетов Сейтбек Асылбекович –Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ыкчам контролдоо башкармалыгынын начальниги;
- Арыков Роллан Айдаралиевич – Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын бухгалтердик эсепти, финасылык отчетту жана аудитти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
- Калысбеков Нурсултан Калысбекович - Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын мамлекеттик кирешелерди талдоо жана болжолдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
- Саипов Султан Галиевич – Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын салык саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.