Бишкекте эми окуучулар уюлдук телефондорун кутучаларга салышат

Бишкекте Свердлов районунун жалпы билим берүүчү мектептерине уюлдук телефондор үчүн кутучалар берилди. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, мындай иш-чаранын максаты окуучуларды натыйжалуу окутуу менен камсыз кылуу, алардын ден соолугун сактоо жана окуу материалын ийгиликтүү өздөштүрүү болуп саналат.

Окуучулар сабак башталар алдында гаджеттерин ар бир класстагы номерленген кутучаларга салышат.

"Долбоорду ишке ашыруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти райондогу 34 мектептин 1 195 мектептен окуу кабинети үчүн кутучаларды сатып алды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан