Ошто Жаңы жыл майрамы салтанаттуу белгиленди

Ошто борбордук аянтта Жаңы жыл майрамы салтанаттуу белгиленип, ага 15 миңге жакын адам чогулду. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда Ош мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, майрамдык кечеге Ош мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов дагы катышып, калаа тургундарын жана конокторун жаңы жылы менен куттукташты.

"Майрам фейерверк менен коштолуп, Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа менен уланды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан