Бишкектин борбордук көчөлөрүндө жол эрежесин бузуп, унаасын каалагандай коюп алган айдоочулардын кылык-жоруктары коомчулукту иренжитти.
Патрулдук милицияны көзгө илбей туруп алган айдоочулардын бири таксист экендигин айткан. Анын тийиштүү документтерин сураганда бербей, экинчи линияда банкка кирип кеткен кардарын күтүп жатканын билдирген. Бат эле кете турганын белгилеп, тирешкен айдоочуга акырында протокол түзүлдү.
Ал эми дагы бир айдоочу тааныштары менен видео байланышта отуруп, жол эрежесин бузуп жатканын көзгө да илген эмес.