Өлкөдө майрамдык иш-чаралардагы абал кандай болду? ИИМдин жообу

2024-жылдын акыркы күнүндө республикада оор жана одоно укук бузуулар жана кылмыштар катталган жок. Жаңы жыл түнү тынч өтүп, олуттуу окуялар болгон жок. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

"Майрамдык иш-чараларда коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн коопсуздуктун бардык түрүн эске алуу менен чаралар көрүлүүдө. Турак жайларда, эл көп чогулган жерлерде, ошондой эле иш-чараларда укук тартибин көзөмөлдөө жүргүзүлүүдө.

Бул локациялардын жанында милиция посттору коюлган. Жаңы жылды майрамдоо күндөрү милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жана тергөө топторунун күнү-түнү нөөмөттөрү уюштурулган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 15 миңден ашык милиция кызматкерлери өлкө боюнча коомдук коопсуздукту камсыздашууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан