Сокулукта болгон жол кырсыгынан УКМКнын кызматкери каза болгону айтылды

Чүй облусунун Сокулук районунда жол кырсыгынан УКМКнын 9-бөлүмүнүн кызматкери каза болду. Бул туурасында жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, каргашалуу окуя 1-январга караган түнү 02:18де катталган. Унаанын айдоочусу рулду башкара албай, мамыны сүзгөн. Ал алган жаракатынан улам жеринде каза болгон.

Кошумчалангандай, көз жумган жаран мамлекеттик күзөт кызматында (9-бөлүм) иштеген.

Азырынча УКМК тарабынан маалымат бериле элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан