Казакстанда агып чыккан жаратылыш газынан улам үй жарылып кетти (видео)

Казакстандагы Талдыкорган шаарынын четиндеги эки кабаттуу жеке үйдө 31-декабрда жарылуу болгон. Анын кесепетинен бир үй-бүлөнүн 7 мүчөсү күйүк жана жаракат алып, шаардык ооруканаларга жаткырылды. Бул туурасында казак басылмалары жазышты.

ӨКМдин маалыматы боюнча, келип чыккан кырсыктан улам экинчи кабат урап түшкөн. Өрттүн себеби жаратылыш газынын жайылышы экендигин айткан. Бирок азырынча газдын агып чыгышы үйдүн ичинде же сыртында болгондугу такталып жатат.

Ооруканадагы 7 жарандын үчөө жашы жете элек балдар. Учурда өрттү толук өчүрүү жана газдын агып чыгышы боюнча тийиштүү кызматтар жеринде иш жүргүзүүдө.

Казакстанда катталган өрт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан