Бүгүн, 1-январдан тарта Швейцария бийлиги коомдук жайларда бетти жашырган кийимдерди кийгендерге айып пул салууну күчөттү. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, мыйзамды бузгандар 110 миң 200 доллардан өйдө айып пулга жыгылат. Тыюу салынган кийимдерге паранжа, никаб жана балаклав баш кийими да кирет. Карнавал учурунда гана бетти жаап турган кийимдерди кийүүгө болот. Мамлекеттик ишканаларда, коомдук транспортто, кафе-ресторандарда тыюу салынган.
Кошумчалангандай, Швейцариянын президенти Карин Келлер-Зуттер бул чектөө өлкөдө жашаган 400 миң мусулмандын кичинекей бөлүгүнө гана таасир этерин белгилеген. Алардын ичинен 20-30дайы гана аял никаб менен жүрө тургандыгы айтылган.