Сүйүнчү! Өлкөдө Жаңы жыл түнү 322 наристе төрөлдү

Кыргызстанда 31-декабрдан 1-январга караган түнү 322 наристе төрөлдү. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

Маалымат саат 8:00гө карата берилген. Жарык дүйнөгө келген бөбөктөрдүн 170и уул жана 152си кыз.

Биринчи наристе саат 00:01де Бишкек перинаталдык борбордо төрөлгөн. Ал 3 килограмм 100 грамм келген уул. Ал эми ошол эле учурда Ысык-Ата районунда 2 килограмм 930 грамм келген кыз жарык дүйнөгө келген.

Мындан тышкары саат 00:02де Ош облусунун Кара-Суу районунда салмагы 3 килограмм 735 грамм келген уул төрөлгөндүгү маалыматта кошумчаланган.

Кээ бир төрөт үйлөрүндө гендердик теңчилик орун алган. Айта кетсек, Бишкектеги №2 балдар үйүндө 11 уул, 11 кыз, Чүй облустук бириккен ооруканасында үч уул, үч кыз жарыкка келген.

"Жаңы жыл түнү тынч өттү, республика боюнча медицина кызматкерлери энелерге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга квалификациялуу жардам көрсөтүштү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан