"Москва көз жашка ишенбейт" тасмасындагы орус актрисасы 91 жашында көз жумду

Орусиянын Эмгек сиңирген артисти Инна Выходцева 91 жашында каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Кинематографисттер союзунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, ал узакка созулган оорудан кийин көз жумган.

Маалымат үчүн: Выходцева 1934-жылы 27-июнда Донецкте туулган. Ал 1957-жылы "Балтика даңкы" тасмасында дебют жасаган. 67 жыл ичинде 165 тасмада роль жараткан, анын ичинде “Аталарыбыздын жаштыгы”, “Москва көз жашка ишенбейт” тасмалары бар. Ал ошондой эле дубляжга активдүү катышып, котормолордо София Лорен, Стефания Сандрелли, Клаудия Кардинал жана башка чет элдик актрисалардын үнүн коштогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан