Дубайдан Москвага учуп бара жаткан учак өзүн агрессивдүү алып жүргөн жүргүнчүнүн айынан шашылыш түрдө Бакуга конууга аргасыз болду. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.
Маалымдалгандай, экипаж мүчөлөрү аны буту-колунан байлап койгон. Бирок ал колдорун чечип алып, иллюминаторду сүзө баштаган.
Мындан улам учактын командири Бакуга конуу чечимин кабыл алган. Аэропортко келген соң жүргүнчү кармалган. Ал өзүнө келгенден кийин кылык-жоруктарын эстей албастыгын билдиргендиги маалыматта кошумчаланган.