АКШда Трампка тийиштүү мейманканын жанында жардыруу болду (видео)

1-январь күнү кечинде АКШнын Лас-Вегас шаарында жакында президент болуп шайланган Дональд Трамптын отелинин жанында жардыруу болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, мейманкананын алдында Tesla Cybertruck унаасы жарылып кеткен. Натыйжада ичиндеги айдоочу каза болуп, унаанын айланасында турган 7 жаран жаракат алган.

Жергиликтүү полиция кызматынын башчысы Кевин Макмэхилл унаадан күйүүчу май куюлган бир канитсра жана пиротехникалар табылганын билдирген. Шериф кошумчалагандай, унаа Колорадодо ижарага алынган жана анын кыймылы Tesla кубаттоочу станциялары аркылуу көзөмөлдөнгөн. Пикап Лас-Вегаска жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 07:30да келген. Азырынча жардырууну бир да террордук топ моюнуна ала электигин кошумчалаган.

Ал эми Tesla'нын негиздөөчүсү Илон Маск компания тарабынан эч кандай катачылык кетиши мүмкүн эместигин билдирген.

02.01.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан